Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

«ЛЕД КЕРБЕН-2021»

Кыргызстандагы АКШ департаментинин колдоосу менен Accessalumning ассоциасынын “ЛЕД КЕРБЕН 2021” аттуу эко кербени өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштардын катышуусунда,  Жалал-Абад шаарында болуп өттү. Экологиялык  кербенге Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  студенттик профсоюз уюмунун  өкүлдөрү Адилет Усенов жана  Мээримай Нуриевалар катышышты.

Аталган кербендин башкы максаты өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо менен аны чечүү жолдорун сунуштоо болуп эсептелет. Иш чарада  катышуучулар социалдык долбоор жазууга мүмкүнчүлүк алышты. Кербендин жүрүшүндө азыркы экологиялык көйгөйлөр талкууланып, аны чечүү жолдорунун бир нече түрлөрү коомчулукка сунушталды. Жыйынтыгында, ар түрдүү суроолорго жооптор алынды жана катышуучуларга сертификат тапшырылды. Жаштардан экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүчү  долбоорлорду күтөбүз!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова