Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кыз адеби кымбат

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Аялдар кеңеши 1-курстун студент кыздары менен жолугушту.

Жолугушуу аталган кеңештин төрайымы Жамиля Усубалиева тарабынан уюштурулуп, ага факультеттердин Аялдар кеңешинин төрайымдары жана студенттер катышышты.

Алгач төрайым кыздардын интеллектуалдык өсүүсүнө, этикасына, тарбиясына таасир берүүчү бир жылдык  иш чаралардын планы менен тааныштырып өттү. Андан соң ар бир факульттетин төрайымдары жана алдыдагы пландары жөнүндө маалымат айтышып, сунуш-пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты кыздар менен баарлашуу, алардын сунуштарын угуу менен алдыда  майрам  күндөргө карата маданий иш чараларды  жана белгилүү инсандар менен жолугушууларды уюштуруу болуп саналат.

Жыйында  ушуга байланыштуу бардык маселелер талкууланып, алдыдагы милдеттер белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы