Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кыргызстандын мыкты студенти

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин химия адистигинин 3-курсунун студенти Кенжаева Мехрибону Казакстандын «Бобек» жалпы улуттук кыймылы» ассоциациясы тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «I Эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор-2021» долбоорунда жеңүүчү деп табылып, «Кыргызстандын мыкты студенти»  аталышындагы диплом жана медаль менен сыйланды. Аталган долбоорго Кыргызстандын жогорку окуу жайларынанда талапкерлер катышкан. Алардын арасынан эң мыкты деп табылгандардын илимий эмгектери КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова