Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.С.Азизбаев, мамлекеттик тил боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты А.О.Кармышаков, КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М.Кадыркулов жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Кулназарова катышышты.

Кайра шайлоо конференциясына 60 делегат катышып, отчеттук кайра шайлоо конференциясын профессор, п.и.к. Т.Т.Иманалиев алып барды.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  1. “КМДТжС академиясынын кесиптик бирлик комитетинин 2016-2020-жылдарда аткарган иштери жөнүндө отчету” (баяндамачы С.Б.Кочкоров)
  2. Текшерүү комиссиясынын отчету. (баяндамачы О.С.Балтабаев)
  3. КМДТжС академиясынын кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн курамын шайлоо.
  4. КМДТжС академиясынын кесиптик бирлик комитетинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
  5. КМДТжС академиясынын текшерүү комиссиясынын курамын шайлоо жөнүндө.
  6. Ар кандай маселелер.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик комитетинин отчеттук мезгилде аткарылган иши канааттандырарлык деп табылды. Текшерүү комиссиясынын отчету бекитилди. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик комитетинин 9 кишиден турган мүчөлөрү бир добуштан шайланды.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп Кочкоров Сманалы Барпиевич 60 делегаттын ичинен 47 делегаттын добушу менен кайра шайланды.

Кесиптик бирликтин кыймылына сиңирген эмгеги жана социалдык өнөктөштүктүн алкагында биргелешип мугалимдердин укугун коргоого, кызыкчылыктарын жактоого, социалдык абалын жакшыртууга кошкон чоң салымы үчүн кесиптик бирлик активдери КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сыйлыктары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Текшерүү комиссиясынын мүчөсү А.Ормонова