Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

КР Билим берүү жана илим министри менен жолугушуу

КРнын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында окуу жайдын профессордук-окуутуучулар курамы жана район, шаарлардан келген мектепттердин директорлору, кесиптик бирликтин өкүлдөрү менен жолугушту.    

Жолугушууда министр жалпы билим берүү тармагында эмгектенген эжей-агайларды жаңы 2021-2022-окуу жылынын башталышы менен куттуктады жана “Дүйнөнү каптаган илдетке карабастан үзгүлтүксүз билим берип жаткан силер азыркы замандын баатырысыңар, силерге таазим” - деди.

Район, шаарлардан келген мектеп директорлору тарабынан эскилиги жеткен авариялык абалдагы мектептер бар экендиги, спорт залдардын жетишсиздиги өңдүү көйгөйлөр айтылды. Андан тышкары министрден мектепти артыкчылык аттестаты менен аяктаган окуучуларга жогорку окуу жайга кабыл алууда жеңилдиктер берилбей жатканына көңүл буруп коюуну суранышты.

Ошол эле учурда облус аймагындагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин көпчүлүгү ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү экендиги, кадр даярдоодо окуу жайдын ролу зор экендиги мектеп директорлору тарабынан айтылды. Соңунда министр - “Биргеликте гана бийик максаттарды ишке ашырабыз. Окуу-тарбия ишинин бийик деңгээлге көтөрүүгө билим берүү кызматкерлерин чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитовва