Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Конфуций институтунда жумалык уланууда

ЖАМУнун Конфуций институтунда 2021-жылдын 22-сентябрынан 29-сентябрына чейин Конфуций күнүн, күз майрамын белгилөө жана кытай тилин, маданиятын жайылтуу максатында  жумалык өз ишин баштады. Иш-чара педагогика жана маалыматтар технологиялар факультетинин математика, информатика, башталгыч билим берүү адистиктеринин студенттери менен жолугушуудан башталды. Кытай тили окутуучулары чай даярдоо салтанатын көрсөтүү, иероглифтөө жана сүрөт тартуу, кытай тилин окутуу боюнча окуу китептерин презентациялоо, кичи спорттук оюндарын көрсөтүү сыяктуу иш-аракеттерди студенттер менен биргеликте аткарышып, аларга  кенен маалыматтарды беришти. Өз учурунда катышуучулар өзүлөрүн кызыктырган суроолорго да жооп ала алышты. Кытай тили курсунда мыкты окуган студенттердин КЭРдин Шанхай, Пекин, Ченду, Сиань, Үрүмчү шаарларындагы жогорку окуу жайларда стажировка өтөө учурунан видеолор, слайддар  көрсөтүлдү.

Иш-чара бир жума бою уланып, кытай тилин үйрөнүп, өз адистиктери боюнча Кытайдан тажрыйба алмашып келүүнү каалаган студенттердин курска катталуусу менен жыйынтыкталат.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова