Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кесиптик майрам өзгөчө белгиленди

Б.Осмонов атынлагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кесиптик бирлик комитети менен окуу жайдын администрациясы мугалимдердин кесиптик майрамына карата чоң салтанат Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында өткөрүлдү. ЖАМУнун ректору, тех.и.д., профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолуп,  алдыдыгы максат жана милдеттерди белгилөө менен 2021-жылдын 1-ноябрынан эмгек акы дагы 30%га көтөрүлөрүн кабарлады жана ардагер агай-эжейлерди карылар күнү менен куттуктады. Ошондой эле, алдыңкы мугалимдерге атайын наамдарды ыйгарып, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим мнистрлигинин сыйлыктары да өз ээлерине тапшырылды. Ушул убакка чейин болуп өткөн  конкурстардын номинанттары,  мыктылардын мыктылары, спорттук таймаштардын жеңүүчүлөрү,  тиешелүү сыйлыктар, кубок, дипломдор менен сыйланышты. Айрыкча “Мыкты видео сабак”  конкурсунун жеңүүчүлөрүн дүркүрөгөн кол чабуулар коштоп, колдоп жатышты. Ал эми жалпы жамаатты сыйлоо  бардык структуралык түзүмдөрдүн өзүнчө парады менен өзгөчө болду. Ар бир профсоюз мүчөсүнө атайын ыр белек жазылган, акчалай сыйлыгы менен конверттер тапшырылды. Салтанат  чоң концерттик программа менен коштолуп, майрамдык маанайды көкөлөттү.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова