Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Келгиле, Кыргызстандын ковид картасын жашыл түскө айландыралы!

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан 3 миллиондон ашык доза вакцина алынганын, анын 1 миллиону колдонулганын, Вакцина бардык каалоочулар үчүн акысыз экендигин жарыялаган.

Жапырт эмдөө иш-чараларын күчөтүү максатында жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанды кызыл аймактан чыгарып, ар бир кеңсе, квартал, район, област жана республиканын бардык аймагын COVID-19 инфекциясын жуктуруу коркунучу минималдуу болгон “коопсуз жашыл аймакка” өткөрүү – стратегиялык милдетин аткаруу менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында  калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча масштабдуу өнөктүктү жүргүзүп жатышат.

Өнөктүктүн алкагында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети менен биргеликте жалпы жамааты эмдөөдөн уюшкандыкта өткөрүү максатында алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлери  баарыңыздарды  улуттук стратегиялык максатка кошулууга чакырат!

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова