Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Казань университети менен кызматташтык

Татарстандын Казань федералдык университети менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматташтыгы чыңдалууда. Жакында алардан келген делегация университеттин экономикалык-юридикалык факультетнин студенттери менен окутуучулары менен жолугушту. "Казань федералдык университетинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн Эл аралык рейтингдеринде алдыга жылдыруу тажрыйбасы" деген темада лекциясын өтүштү.

Анда Татарстан Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Билим берүү сыйлыгынын лауреаты, Казань Федералдык университетинин Менеджмент, экономика жана финансы институтунун директору, профессор, экономика илимдеринин доктору Наиля Багаутдинова, директордун орун басары, социология илимдеринин кандидаты, доцент Оксана Виктор Полякова, "Географиялык жана экологиялык билим берүүнүн теориясы жана методикасы" кафедранын башчысы, география илимдеринин кандидаты, доцент Руслан Уленговдор болушту.

Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы Айнура Аскарова жолугушуунун жүрүшүндө илим жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкуулангандыгын, талкуунун жүрүшүндө биргелешкен илимий программаларды жана долбоорлорду түзүү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарды уюштуруу, студенттер менен окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылгандыгын билдирди. Эки окуу жайдын кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу - бул биргелешип билим берүүнүн негизин түзүү менен атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого өбөлгө болоору белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова