Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Кадрдык өзгөрүүлөр

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилик кызмат орундарында кадрлык жаңы дайындоолор болду.

Маалыматка ылайык университеттин илимий иштер боюнча проректору кызматына, мурда окуу бөлүмүнүн башчысы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Абсатаров Равшан Рахманалиевич дайындалды, ал эми окуу бөлүмүнүн башылыгына Абдибалиев Эмил Абдибаитович бекитилди.

Бүгүн окуу жайдын кезектеги Окумуштуулар кеңешинде аталган жетекчилер жамаатка тааныштырылып, кызматтык милдеттерин аткарууга киришишти.

Белгилей кетсек буга чейин окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору болуп география илимдеринин кандидаты, доцент Обдунов Элмурат Абдувапович иштеп келген. Ал жакында Жогорку Кеңештин депутаттыгына болуучу шайлоого аттанганына байланыштуу өз арызы менен жумуштан бошогон.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы