Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ийгиликти илимден издеген жаштар

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болочок окутуучулардын илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференция Ош шаарындагы ЖОЖдордун бүтүрүүчү студенттери арасында жүрүп, ал “Бүтүрүүчүлөрдүн илимий ишиндеги көтөрүлгөн проблемалар жана анын актуалдуулугу” аталышында болду.

Иш-чарага илимий иш жазган жалпы 36 студент катышып, ага окуу жайдын проректору баштаган окутуучулар жамааты күбө болушту.

Конференциянын  алгачкы бөлүгү  пленардык отурум менен башталып, мында катышуучулар өздөрүнүн баяндамаларын жасашты:

1. Нурбек Маткаримов соц.и.к., доцент. “Курстук жана квалификациялык иштерди жазуу, жасалгалоо боюнча сунуштар”

2. Өскөнбай Дилишатов тех.и.к. Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин доценти “Окутуудагы заманбап технологиялар”

3. Миргазы к Асемгүл Б-17 т.с. “Вирустарга каршы дем алуу көнүгүүлөрүнүн дем алуу жолуна тийгизген таасири”

4. Ысманалиев Сыймык Кт-17 т.с. “Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери”

5. Мамасалиева Айдана ОшМУ “Кыргыз жазуусунун актуалдуулугу”

Андан соң катышуучулар “Табигый жана гуманитардык илимдер”, “Филологиялык билим берүү”, “Физикалык-математикалык билим берүү” жана “Предметтерди окутуунун методикасы” деп аталган 4 секциягы бөлүнүп,  ар бир студент өздөрүнүн бүтүрүү курсундагы дипломдук ишинин негизинде жазган макалаларын окушту.

Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, ар бир студентке серитификат тапшырылды. Бул менен бирге  эң мыкты даярдалган жана корголгон макаланын ээлери диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Белгилей кетсек аталган саамалык ОшМПУнун илимий иштери боюнча проректору жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү тарабынан уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек