Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары

Ысык-Көлдө «ХХ эл аралык Ысык-Көл оюндары» өтүп жатат. «Азия кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы» аттуу ураан менен өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын, КМШ жана ШКУ мамлекеттеринен келген командалар спорттун  23 түрү боюнча таймашууда.

Волейбол боюнча 40 жаштан жогорку айымдардын арасында өткөн мелдеште ОшМУнун аялдар курама командасы байгелүү 2-орунду ээледи. Бул мелдеште ОшМУнун  кесиптик бирлик комитети тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп, спортчулардын кийген  формаларын жана кеткен баардык чыгымдарын төлөп берген. Мелдештин катышуучуларына мындан да жогорку орундарды багындырышына тилектешпиз! Мелдештер Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борборунда өтүп жатат.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова