Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Германиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси доктор Габриэла Геллил Б.Осмонов атындагы ЖАМУда

Б.Осмонов атындагы ЖАМУга Германиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси доктор Габриэла Геллил жана элчиликтин өкүлдөрү “Немец тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучулары жана студенттери менен жолугушуу болду. Германиянын Кыргызстандагы ыйгарымдуу элчиси доктор Габриэла Геллил университтетин ректору профессор К.Усенов жана филология факультетинин деканы ф.и.к. А.Калмурзаевалар менен жолугушуп маектешти, андан сон “Немец тили жана адабияты” кафедрасынын окутуучулары жана адистиктин студенттери менен жолугушуп, аткарылып жаткан иш аракеттерди белгилеп, окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Эки тараптуу иш аракеттер боюнча иш-чаралар пландаштырылып, доктор Габриэла Геллил кафедра жамаатын жана студенттерди Бишкек шаарындагы элчиликке жолугушууга чакырды.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова