Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрү ант беришти

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жыйндар залында медицина факультетинин Фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн «Ант берүү» аземи өткөрүлдү.

Медицина факультетинин деканы б.и.к., доцент Ш.Нурдинов ата-энелерге, бүтүрүүчүлөргө өз каалоо тилегин айтты. Ошондой эле Фармация жана Медико-биология кафедрасынын башчысы х.и.к, доцент Б.Эрназарова, Анатомия жана физиология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент М.Нурманбаев, Жалпы хирургия кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Б.Артыкматов жана х.и.к., доценттин милдетин аткаруучуА.Бакировалар студенттерди окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, ак жол тилешти.

Ошондой эле, ар бир бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери «Ыраазычылык кат» жана ар бир бүтүрүүчү окууну ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн факультеттин грамоталары менен сыйланышты. Ал эми окууну эң жакшы аяктаган Айзат Кубатовага ЖАМУнун ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов тарабынан артыкчылык Диплому тапшырылды.

Кече программадагы концерт менен коштолду. Бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана бүтүрүүчүлөр университеттин профессордук-окуутучулар курамына ыраазычылыктарын билдиришип, бүтүрүүчүлөр элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн «Фармацевттердин антын» беришти.

 

Маалыматты даярдаган:  ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова