Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эл артисти – Ардактуу профессор

Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун 60 жылдык юбилейине арналган иш-чара Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болуп өттү.

Окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, Эл артисти Ибрагим Жунусов, Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Апсатар Сыргабаев, ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин  маданий массалык иш чаралар комиссиясынын, жаштар кеңешинин мүчөлөрү, окуу жайдын профессордук окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов Эл артисти  Ибдрагим Жунусовду 60 жаш кутман курагы менен куттуктады.  «Жалал-Абад мамлекеттик университети сиз үчүн бөтөн эмес. Бир учурда мына ушул окуу жайда катардагы окутуучу болуп эмгектенгенсиз. Биз сизди ар дайым сыймык менен айтып келебиз. Ал эмес сиздин Жалал-Абад шаарын даңазалап жазган ырыңыз бүгүн да өзүнүн популярдуулугун жоготкон жок. “Эламан” деген ырыңызды айтпасак да эл жакшы билет. Сизге бекем ден соолук, берекелүү жашоо тилеймин. Аны менен катар окуу жайдын  Окумуштуулар кеңешинин 2021-жылдын 27-августагы №1 токтомунун чечими менен  ЖАМУнун Ардактуу профессору деген наамын ыйгарабыз” – деди К.Усенов.

Бир учурда бирге иштеген эже-агайлар Ибрагим Жунусовго жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Ал эмес, атайын камдаган белектерин тартуулашты. Жалал-Абаддагы белгилүү ырчы, аткаруучулар авторго таандык обондуу ырларды аткарышты. Келген конокторго көгүлтүр экран аркылуу 30 жаштагы Ибрагим Жунусовдун 60 жашына жазган каты уктурулду. Студенттердин каалоосу боюнча Ибрагим Жунусов “Алтын апа” деген ырын жандуу аткарып, окуу жайдын эмгек жамаатына өз ыраазычылыгын айтты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова