Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эл аралык тегерек стол болуп өттү

Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Билим берүү кесиптик бирлигинин Европалык комитети өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде маселелерди талкулоо үчүн ар бир эки жылда тегерек стол өткөрүп турат.

2021-жылдын 7-8-июлунда Билим берүү кесиптик бирлигинин Европалык комитетинин кезектеги тегерек столу: “Билим берүү кесиптик бирликтери COVID-19 пандемиясынан кийин туруктуу калыбына келтирүү процессинде жетектөөчү ролду өзүлөрүнө алышууда: COVID-19 пандемиясынан кийинки чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” деген маселеге арналды.

Эки күндүк бул иш-чарада пандемия мезгилинде Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн билим берүү тармагы кандай көйгөйлөргө жана түйшүктөргө кабылды, ошондой кыйын шартта билим берүү процессин туура уюштуруу, аны үзгүлтүккө учуратпоо жана сапаттын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов ушул эл аралык тегерек столго катышып, Кыргызстандык кесиптик бирлик комитеттери пандемия учурунда кандай иш алып барышканы, ага кабылган билим берүү кызматкерлерине кандай материалдык жардам көрсөтүлгөндүгүнө жана билим берүү уюмдары окуу процессин кандай уюштургандыгына кеңири токтолду жана билим, илим кесиптик бирлиги бул маселеден четте калбай, активдүү кол кабыш кылгандыгын баса белгиледи. Ал айрыкча азыркы жайкы каникул учурунда Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети мугалимдердин эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун уюштурууга көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети