Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Эгемендүүлуктүн 30 жылдыгына карата кичи футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүлдү

2021-жылдын 31-август күнү Эгемендүүлуктүн 30 жылдыгына карата Улуттук университеттин окутуучулары жана кызматкерлери үчүн кичи футбол боюнча спорттук иш-чара өткөрүлүп, байгеге кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков тарабынан 3000 сомдук топ жана акчалай сыйлык коюлду. Оюнга о.э. “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү Каныбек уулу Ардакбек, Коконбай кызы Акжолтой жана араб борборунун өкүлү Болот Байысов демөөрчүлүк кылышты. Ал эми кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетинин деканы Алайбек Шамшиев эң мыкты оюнчулар үчүн акчалай сыйлык тапшырды.

Кичи футбол боюнча спорттук мелдешин жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

1-орун: Юридика, физика жана электроника, география, экология жана туризм факультеттеринин окутуучуларынан түзүлгөн команда - 3000 сомдук топ жана 1500 сом акчалай сыйлык;

2-орун:  Дене тарбия жана спорт кафедрасы - 1000 сом

3-орун: Ректорат - 500 сом.

Калган командалар 200 сомдон сыйлык алса, факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу Азамат Осмонбеков мыкты чабуулчу, юридика факультетинин окутуучусу Эрлан Базарбаев мыкты дарбазачы деп табылып, 500 сомдон акчалай сыйлык алышты.

Оюн аяктаган соң, жалпы командага кечки тамак уюштурулду.

Иш-чаранын жалпы катышуучулары мелдештин өтүшүнө мыкты шарт түзүп бергендиги үчүн КУУнун башкы юристи Рустиван Токтоналиевге ыраазычылык билдирет.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Баласагын атындагы КУУнун басма сөз кызматы