Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Долбоор боюнча жумушчу топ түзүлдү

2021-жылдын 1-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин фармация жана медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасына Япония мамлекетинен PhD Накаджима Дайске келди.

Ал Фармация адистигинин кесиптик стандартын иштеп чыгууга жана фармация адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн көз карандысыз жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияна негизделген долбоор менен тааныштырып,  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте изилдөө проектисинин жыйынтыгына негизделип, бул проект киргизилип жаткандыгын белгиледи. Аралыктан Япониядан PhD  Мацуно Ещинори проект боюнча кенен тааныштырып, суроолорго жооп берди. Бул долбоорго И.Ахунбаев атындагы КММА, ОшМУ жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУ катыша алышат. Долбоор боюнча жумушчу топ түзүлдү.

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова