Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Биз Гётенин тилинде сүйлөйбүз

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин «Немец тили жана адабияты» кафедрасында Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата «Биз И.В.Гётенин тилинде сүйлөйбүз» аттуу майрамдык иш-чара өттү.

Анда филология факультетинин деканы ф.и.к. доцент А.Калмурзаева, филология илимдеринин доктору, профессор К.Калчакеев, факульттеттин кафедра башчылары, немец тили жана адабияты адистигин бүтүргөн ардактуу бүтүрүүчүлөрү жана студенттер катышты.

Иш-чарада студенттер немец тилинде ыр бийлерди, көркөм окууларды жана “Золушка” жомогунан үзүндү аткарышты. Өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алган студенттер дипломдор менен сыйланышты. Ал эми, төртүнчү курстун студенттери  биринчи курска келген студенттерге билим ачкычын, билим китепчесин (зачеттук китепче) жана студенттик билетти тапшырыштыАл эми, төртүнчү курстун студенттери биринчи курска келген студенттерге билим ачкычын, билим китепчесин (зачеттук китепче) жана студенттик билетти тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖаМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова