Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Билимде достук бар, чек ара жок!

Өзбекстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчси Хуршид Мирзахидов расмий иш-сапары менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине келди. Иш-чарага окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов, окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору тех.и.д., профессор Атабек Алибаев, илимий иштер боюнча проректор тех. и.к., доцент Сталбек Куваков, Мамлекеттик тил жана социалдык иш боюнча проректор Айгул Доранова, чарба иштери боюнча проректор э.и.к., доцент Салмоорбек Уметов жана Эл аралык бөлүмдүн башчысы Гүлнур Маткалыкова катышты.

Жолугушууда Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Өзбекстандагы жогорку окуу жайлар ортосунда илимий кызматташуу жана ушул жылдын 24-октябрында боло турган Өзбекстандын Президентин шайлоосуна байланыштуу окуу жайда билим алып жаткан Өзбекстандык студенттер үчүн шайлоо пунктарын ачуу маселелери талкууланды. Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов окуу жайдын жетекчилиги Кеңешбек Жумабековичке Өзбекстандык студенттер үчүн жетиштүү шарттарды түзүп, татыктуу билим берип жаткандыктары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Эки тараптуу кызматташуубуз мындан ары да уланаарын, Кыргызстан жана Өзбекстан достугу түбөлүк экендигин билдирди.Ректор Кеңешбек Усенов элчи мырзага атайын иш сапары менен келгенине ыраазычылыгын айтып, студенттерге болгон камкордук дайыма көрүлөрүн, окуу жайда дагы да мыкты шарттар түзүлөрүн белгиледи жана билим берүү, илимий иштерди ишке ашыруу  жаатында эки тараптуу кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова