Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Билим берүү жана илим министри Ак-Суу районунун билим тармагынын иштери менен таанышты

Жакында Билим берүү жана илим министри Б.Купешов Ысык-Көл областында болуп билим берүү тармагынын абалы менен таанышты. Бул кыдырууда ал Ак-Суу районунун мектептеринин, бала бакчаларынын абалына да кызыгып, бир катар билим берүү мекемелеринде болду.

Алгач министр райондук мамлекеттик администрация башчысы М.Насиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев менен жолугушуп райондун билим тармагындагы иш-аракеттер боюнча пикир алмашышты.

Райондун борбору Теплоключенка айылында жайгашкан областтык балдар үйү жоюлуп кеткендигине байланыштуу анын имараты алты айдан бери бош турат. Мына ошол жайды министр Б.Купешов райондун жетекчилиги жана ошол айыл аймагынын башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте көрүп чыгышты.

Жаңы окуу жылына чейин бул имаратты ремонттон өткөрүү менен мектеп катары пайдалануу сунушун министр да, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да туура көрүштү. Анткени райондун борбору болгон Теплоключенка айылында 70 миңден ашык калк жашайт, анда болгону эки эле орто мектеп бар. Ал мектептерде окуучулардын саны ченемден ашык болуп, кээ бир класстар үч сменада окууга мажбур болушууда.

Андан соң министр райондогу Ж.Алышбаев, Кызыл-Кыя, А.Ракымов, О.Элебесов атындагы мектептердин абалы менен таанышып, эмгек жамаааттары менен аңгемелешти. Аты аталган мектептерге мамлекет тарабынан жардам берилери, ал үчүн министрлик да аракеттерди көрөрүн министр Б.Купешов өз сөзүндө айтып кетти.

Министрдин районду кыдыруусунда бирге жүргөн кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы Э.Садабаев бүгүнкү күнгө чейин кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан жасалып жаткан иштер жөнүндө кыскача маалымат берди.

Бардык иш аракеттер райондук билим берүү бөлүмү менен кабыл алынган эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүп жаткандыгы, өзгөчө пандемия учурунда ковид, пневмония оорусуна кабылган мугалимдерге көрсөтүлгөн материалдык жардамдар, мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу, эмгек акынын өз учурунда төлөнүп жатышы жана билим кызматкерлеринин мыйзамдык укугун коргоодогу иш аракеттер жөнүндө маалыматтар айтылды.

Министр Б.Купешов кесиптик бирлик уюмунун ролун жогорулатуу, райондук билим берүү тармагынын жетекчилиги менен тыгыс байланышта иштөө зарылдыгына токтолду.

 

Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Шамиев