Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Белгилүү дин аалымы Абдишүкүр Нарматов ОшМПУда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде белгилүү дин аалымы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун студенттер жана окутуучулар менен жолугушуусу болуп өттү.

Университеттин ректору Бекмурза Зулуев аалымды кабыл алып, университет тууралуу кыскача маалымат берди. Андан соң иш чаранын негизги бөлүгү окуу жайдын чоң жыйындар залында уланды.

А.Нарматов жаштарды өнүгүүгө багыттаган мыкты ой-пикирлери менен бөлүшүп, Ислам дининин нукура маани маңызы, өлкөбүздөгү абалы, илим-билим алуудагы ыймандын, диндин орду жөнүндө кенениреек айтып берди жана катышуучулардын бир топ суроолоруна да жооп берди.

Аталган иш-чара Ошто болуп жаткан "Ислам - тынчтыктын тиреги" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында Ош шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы