Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – МУГАЛИМДЕРДИН МЫЙЗАМДУУ УКУКТАРЫН КОРГОО

Маектешибиз - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов

- Асылбек Токтогулович, жаңырган жылдын алгачкы айында сизди тармактык профсоюздун ишмердүүлүгү тууралуу маек куралы деп чакырып калдык, алгач кыргыз жылнаамасында айтылгандай кирип келген Уй жылы менен куттуктап койсок деп турабыз...

- Чоң ракмат. Мен да биздин жалпы профсоюздук активибиздин жана жеке өзүмдүн атымдан “Кут билим” газетасынын эмгек жамаатын жаңы жылыбыз менен куттуктап, бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалап кетким келет.

- Сизге да ыраазычылык билдиребиз. Эми маегибиздин суроо-жоопторуна өтсөк. 2020-жыл аяктады, ал жыл сиз жетектеген тармактык профсоюз үчүн кандай болду?

- Бул сурооңузга мындай жооп берет элем: өткөн жылыбыз биз үчүн зор сыноолордун жылы болду. Абдан көп маселелер бар бул жаатта айта турган, бирок мен негизги деген 2 жагдайга гана токтоло кетүүнү туура таап олтурам.
Биринчиси – өтүп кеткен жылдын алгачкы айларында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кезектеги съездин өткөрүп алдык. Бул – 5 жылда бир жолу өтө турган ири иш чара. Съездде отчеттук мезгилде аткарган иштерибизге баа берилди жана алдыдагы 5 жылга карата милдеттерибизди белгиледик.
Өткөн отчеттук мезгилде. б.а. 2015-2020-жылдары биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары VI съездибиз алдыбызга койгон милдеттерди жана негизги багыттарды аткаруунун үстүндө эмгектенип келдик. Алардын орчундууларынын катарына мен профсоюз мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү, кызматкерлерибиздин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, тармактык профсоюзубуздун маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүүгө, жаштар саясатын кеңири жайылтууга, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөөгө, эл аралык профсоюздук кыймылга кошулууну тереңдетүүгө багытталган иштерибизди кошуп кетээр элем.
Айта кетейин дегеним, 2015-2020-жылдар аралыгында бизде сандык өсүш болгондугу кубандырат, 5 жылда баштапкы профсоюз уюмдарынын саны 278ге, ал эми профсоюз мүчөлөрүнүн саны 24072 адамга өстү. Биз айрыкча студент жаштарыбызды коомдук уюмубуздун катарына тартууга көңүл буруп жатабыз, 5 жыл мурункуга салыштырганда профсоюздун катарына келген студенттер 15866га көбөйгөн.
Ал эми уюмдашуу жагынан да сапаттык кыйла жетишкендиктер бар. Борбордук Комитет ар жылкы пленумдарын республиканын аймактарында өткөрүү практикасын колго алып келатат. Мындан биз ар кыл аймактардагы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышууга мүмкүнчүлүк алуу менен алдыңкы тажрыйбаларды жана усулдарды үйрөнүүгө кеңири шарт түзүп берип жатабыз. Өткөн 5 жылда андай пленумдар Бишкек, Талас, Баткен, Каракол шаарларында жана Тоң районунда өткөрүлүп, тармактык профсоюздун ишмердүүлүгүнүн орчундуу 16 ар кыл маселелери талкууланган. Ушундай эле практиканы ар бир токсондукта өтө турган президиумдун жыйындарына да киргизип жатабыз. 5 жылда Борбордук Комитеттин президиумунун 26 жыйыны болуп, аларда 169 маселе каралган.
Тармактык профсоюздун ишмердигинин маанилүү бөлүгү социалдык өнөктөштүктү жолго коюу, аны ар тараптан өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштөр менен иш алып барууну пайдалуу жана ырааттуу жүргүзүү болуп калды. Айрым цифраларга токтоло кетейин. 2020-жылдын аягына карата биздин профсоюздук тейлөөбүздөгү 3715 баштапкы уюмдардын 3656сында үч тараптуу макулдашуулар жана жамааттык келишимдер түзүлгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч деп айта алам.

- Асылбек Токтогулович, ушул жерден сөзүңүзгө аралаша кетейин, Борбордук Комитет менен министрликтин ортосундагы социалдык алакага токтоло кетпейсизби?

- Жакшы болот. Биз билим берүү жана илим министрлиги менен абдан тыгыз кызматташтыкта иштешип келатабыз. Министрлик менен Борбордук Комитет ортосундагы эки тараптуу макулдашуу 3 жылга түзүлөт. Өткөн 5 жылда алгач 2016-2018-жылдарга түзүлгөн макулдашуунун алкагында иш алып барсак, азыр болсо 2019-2021-жылдарды камтыган макулдашууну аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин биргелешкен иштерибиздин орчундууларынын бири болуп билим берүү жана илим тармактарына тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгууга чогуу катышуу эсептелет. Буга өлкөнүн билим берүү жана илим тармактарына карата кабыл ала турган мыйзамдарынын долбоорлорун, Өкмөттүн биздин тармактар боюнча кабыл алган токтомдорун аткаруу иш чараларын, кызматкерлерибиздин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасынын “Мугалимдин статусу жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине каралган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу демилгесин көтөрүүгө биргелешкен аракеттер көрүлгөндүгү анык мисал боло алат.
Кошумчалай кетейин, жалпы эле тармак боюнча айтканда, биз социалдык өнөктөштөр менен иштешүүдө мугалимдин социалдык статусун көтөрүү, жаштар үчүн педагогдук кесиптин артыкчылыктарын берүү максатында педагогикалык кадрлардын социалдык жана кесиптик статусунун негиздеринин мамлекеттик кепилдиктеринин системасын мыйзам ченемдүү киргизүү зарылчылыгын коргоп келүүдөбүз. Аларга кесиптик квалификациялык категориялар боюнча эмгек акы төлөөлөргө, педагогикалык кызматкерлердин коопсуз жана талаптагыдай эмгек шарттарына, медициналык тейлөө-лөрүнө, татыктуу пенсияга чыгууларына, санаториялык-курорттук дарыланууларына укуктарын камсыз кылуунун, мугалимдерди жана башка билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо, айыл жерлерине барып иштеген жаш адистерге бир жолу берилүүчү жөлөкпулдар, аз калкы бар шаарларда эмгектенишкен мугалимдерге ай сайын кошумча төлөөлөрдү берүү боюнча ченемдерди орнотууга мамлекеттик кепилдиктерин киргизүү кирет.

- Биздин тармактын эң талылуу маселелеринен болуп кызматкерлерибиздин эмгек акылары тууралуу ар кыл пикирлер айтылып келатат. Бул жагдай боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Туура айтасыз, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмү азыркы рынок мамилелеринин өткөөл шартына шайкеш келиши тууралуу ар кыл пикирлер, анын ичинде олуттуу сындар, кайрылуулар айтылып келатат. Мунун чынында жүйөөсү бар. Борбордук Комитет билим берүү системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү көтөрүү жана өркүндөтүү боюнча иштерге абдан жогорку, тынымсыз жана ырааттуу көңүл бөлүп келаткандыгын айта кетким келет. Бул жылдары мугалимдердин жана бул тармактын башка кызматкерлеринин эмгек акылары 2 ирет: 2015-жылы орточо 50 пайызга жана 2019-жылы орточо 30 пайызга жогорулады. Мен айрым бир цифраларды келтирүү менен ал жогорулатуулардын натыйжалары эмнеге алып келгендигине токтоло кетейин.
Салыштырып көрүңүздөр. Республика боюнча билим берүү кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулай элек 2014-жылы орточо айлык акылар: ЖОЖ окутуучуларыныкы 17013, мугалимдердики 5012, тарбиячылардыкы 4472, ал эми республика боюнча орточо айлык акы 11927 сом болгон, мугалимдер менен тарбиячылар республика боюнча орточо айлык акынын жарымына жетпеген акчаны гана алышкан.
Ал эми жогоруда айтылган 2 жолку жогорулатуудан кийин 2019-жылы орточо айлык эмгек акылар: ЖОЖ окутуучуларыныкы 19186 сом же 2014-жылга карата 2173 сомго көбөйгөн, мугалимдердики 14950 сом же 2014-жылга карата 9938 сомго көбөйгөн, тарбиячылардыкы 15625 сом же 2014-жылга карата 11153 сомго көбөйгөн, республика боюнча орточо айлык акы 16586 сом же 2014-жылга карата 4659 сомго көбөйгөн. Мына өзүңүз карап көрүңүз, талдоолор көрсөтүп тургандай, жогорудагы жогорулатууларга карабастан тарбиячыларыбыздын жана орто билим берүү мектептеринин мугалимдеринин орточо айлык акылары мурдагыдай эле республика боюнча орточо айлык акынын көлөмүнөн аз жана болгону анын 90 пайызына гана барабар.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча республика боюнча 2019-жылдын декабрь айына карата эмгекке жарактуу курактагы калктын төмөнкү жашоо чеги 5553 сом 50 тыйынды түзүп олтурат, демек, биздин бир мугалим же тарбиячы азыркы айлык акысы менен өзүн жана дагы 1 үй-бүлө мүчөсүн багуу мүм¬күн¬чүлүгүнө гана ээ.
Ошентсе да Өкмөттүн токтомдору менен киргизилген эмгек акыларды жогорулатуу чараларына карабастан бул жагдайда дагы эле бир катар талаштуу жана чечиле элек маселелер бар. Аларга социалдык чөйрөдө эмгектенген кенже жана техникалык тейлөө кызматчыларынын эмгек акыларын көтөрүү (2017-жылдан бери көтөрүлө элек), педагогдорго жогорку билим категориясын ыйгаруудагы “педагогикалык” билимди, “адистин квалификациясын” аныктоо, кайра даярдоо курстарын жандандыруу, мугалимдин окуу жүктөмүндөгү “төмөнкү” жана “жогорку” чектерди тактоо, дем берүүчү фондду эсептөөнүн тартибин карап чыгуу, педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелерин өркүндөтүү ж.б. кошууга болот.
Биздин профсоюз тармактын кызматкерлеринин пенсияга чыгуу кызыкчылыктарын көңүл сыртында калтырбайт жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарын мамлекеттик жогорку органдарга жиберет.

- Жакшы маалыматтарды бердиңиз Асылбек Токтогулович. Жана маегибиздин башында өткөн жылдагы негизги 2 маселеге токтолсом деген элеңиз, эми ошол экинчи маселеге өтсөк...

- Ооба, мен жогоруда профсоюздун кезектеги VII съезди тууралуу айтып өттүм. Азыр болсо экинчи бир олуттуу жагдайга токтоло кетейин. Ал баарыбызды түйшүккө, ал түгүл оор күйүткө салган COVID-19 пандемиясы болду. Илдет күч алган өткөн жылы тармактын 100дөн ашуун эң мыкты мугалимдери, окумуштуулары, окутуучулары, тарбиячылары биздин арабыздан өтүп кетишти. Алардын жаркын элестери ар дайыма биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Биз илдет башталгандан тартып профсоюздун райондук, шаардык жана ЖОЖ комитеттерине эмгек жамааттарынан күн сайын COVID-19 боюнча ыкчам маалыматтарды алып турууну, эмгек жамааттарында илдеттин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин колго алууну, илдет билим берүү кызматкерлери арасында катталган учурларда тиешелүү жардамдарды көрсөтүүгө, аз каражат менен жашашкан кесиптештерге тез арада тамак-аш жана башка зарыл нерселерди жеткирип берүүгө киришүүнү тапшырдык. Мынабу санарип байланышы биздин ишибизди бир кыйла жеңилдетти, жооптуу кызматкерлерибиз ар бир мектеп, ар бир бала бакча, ар бир окуу жайы менен ыкчам байланыш түзүшүп, абалды күндөлүк көзөмөлдөн чыгарышкан жок. Ошол эле мезгилде иш берүүчүлөр менен иш орундарында талапка ылайык санитардык ченемдерди сактоо, ЖОЖ окутуучуларынын жана жалпыга билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин окуу жүктөмдөрүн, бардык кызматкерлердин эмгек акыларын кыскартпоо, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөп берүү жаатында сүйлөшүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп турдук.
Борбордук Комитет, ага баш ийген областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АКООЖ профсоюз комитеттери педагогикалык эмгек жамааттарына, илдет менен тикелей күрөшүп жатышкан медицина жана укук коргоо кызматкерлерине тазалоочу жана зыянсыздандыруучу, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга жакындан жардам көрсөтүштү. Мына ошондой оор учурда биздин тармактык профсоюздун бардык түзүмдөрү тарабынан жалпысынан 7 миллион 421 миң 472 сомдук жардамдар берилди. Мындан бир да профсоюз уюму четте калбагандыгын айткым келет. Ал түгүл Борбордук Комитет өзүбүздүн Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан «Красная гвоздика» ден соолукту чыңдоо борборубузду эгер илдетке чалдыккан адамдар үчүн керек болуп кала турган болсо пайдалануу үчүн толук даярдыкка келтирип, аймактык мамлекеттик башкаруу органдарына кабардар кылып турдук.
Дагы бир жагымдуу жардам тууралуу учкай айта кетейин: биздин профсоюз комитеттери пандемия учурунда ар бир райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө 1ден, ал эми ири бөлүмдөргө 2ден жаңы үлгүдөгү компьютерлерди жана принтерлерди сатып бердик.

- Жакшы экен. Эми маегибизди профсоюз мүчөлөрүнө укуктук жардам берүүгө жана эмгек укуктарын коргоого бурсак, булар да сиздердин иштеги маанилүү тармактар эмеспи.

- Абдан туура баамдадыңыз, сиз жогоруда айткан укукту жана эмгекти коргоо боюнча көзөмөл кылуу биздин ишмердүүлүгүбүздүн өзөгүн түзөт. Мен маегибиздин башында өткөн беш жылда аткарган иштерибиз тууралуу айттым эле, ал эми укукту жана эмгекти коргоо боюнча өткөн жылдагы маалыматтар менен бөлүшө кетким келет.
Борбордук Комитетке 2020-жылы билим берүү кызматкерлери тарабынан бузулган укуктары боюнча 79 жазуу жүзүндө арыз-кайрылуулар, расмий сайтыбызга 401 суроолор келип түшкөн. Бизге көбүнчө кайрылгандар эмгек укуктарынын бузулуп жаткандыктарын тынчсыздануу менен билдиришет, укуктук жактан жардам берүүнү суранышат, айрыкча кызматтан туура эмес бошотуулар, эмгек өргүүлөрдү берүү тартибинин бузулушу, штаттык кыскартуулар боюнча жана эмгек келишимдерди түзүүдөгү иш берүүчүлөрдүн укук бузуулары, кош бойлуулук өргүүсүнөн кийин 3 жылга чейин бала багуу өргүүсүнөн чыкканда мурдагы кызмат орду берилбей жаткандыгы, эмгек акылардын туура эмес төлөнүшү жана педагогикалык стаждардын туура эмес эсептелиши жөнүндө даттанышат. Алардын дээрлик баары өз убагында мыйзамдын талаптарына ылайык БК кызматкерлери тарабынан териштирилип, такташтырылып, текшерилип, анан гана тиешелүү жооптор берилип турулат.
Бир мисал келтире кетейин. 2020-жылы Борбордук Комитетке эмгек укуктары бузулду деген 79 жазуу жүзүндө, сайт аркылуу 2 арыз-кайрылуу түшкөн. Алардан 48 кызматкердин эмгек укуктары калыбына келтирилди, анын ичинен Борбордук Комитет тарабынан 10, министрлик менен бирдикте 6, сот органдары аркылуу 3, мамлекеттик экологиялык жана техникалык эмгек инспекциясы аркылуу 2 профсоюз мүчөлөрүбүздүн кызмат ордулары калыбына келтирилди.
Өлкөнүн билим берүү уюмдарында кызматкерлердин эмгек укуктарынын аткарылышына профсоюздун облрайшаардык комитеттердин алдында 21 штаттык, коомдук башталыштагы 1982 укук жана эмгекти коргоо инспекторлору иш алып барышууда. ЖОЖ, АКООЖ эмгекти коргоо боюнча адистер окуу жайларынын штаттык бирдигинде каралып, профсоюздук уюмдар менен бирдикте иштешет. Кыргыз айтат эмеспи, “сөз кезеги келгенде айтып кал” деп, анын сыңарындай айтайын дегеним, КР Эмгек кодексинин 222-статьясына ылайык эмгекти коргоонун талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында кызматкерлердин саны 50дөн ашкан билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо кызматы түзүлөт деген ченем көпчүлүк билим берүү уюмдарында аткарылбай келе жатат.

- Асылбек Токтогулович, сиз жетектеген профсоюзда санариптештирүү жана маалымат алмашуу кандай абалда экенине да токтоло кетсеңиз?

- Жакшы болот. Азыркы мезгилди өтө ыкчам өнүгүп бараткан санариптештирүүсүз жана тез маалымат алмашуусуз элестетүү абдан кыйын. Борбордук Комитет ушундай мезгил талабынан артта калбоо боюнча ар кыл аракеттерди көрүп жатабыз. Бул жагдайда маалымат ишмердигин уюштуруу, кадр жагынан коштоо, профсоюз адистерин жаңы маалымат технологияларына үйрөтүү, бирдиктүү маалымат системасын түзүү, профсоюзубуздун коомдогу кадыр-баркын көтөрүү багытында бир катар иштер аткарылууда.
Биз маалымат айдыңындагы бардык каражаттарды колдонууга аракет кылып келатабыз, республикалык, жергиликтүү басма сөз, телерадио аркылуу коомчулук алдында чыгып, аткарып жаткан иштерибиз тууралуу айтып берип турабыз. Өзүбүздүн расмий басылмабыз “Позиция профсоюза” газетасы маалымат жеткирүү, иштерди талдоо, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу вазийпасын ар тараптуу аткарып келатат. Газета профсоюздук кеңири аудиторияга чейин жетип жатат: нускасы 3850гө жетти, б.а. биздин тармактагы ар бир 55 мүчөбүзгө бирден газета туура келет.
Көп жылдардан бери тармактык профсоюзда иш кагаздарын алмашууну электрондук почта менен жүргүзүп келатабыз. Областтык, райондук, шаардык котитеттердин, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун электрондук даректери каттоо¬дон өткөн, иш кагаздарын электрондук түрдө алмашуу ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Мына ушундай олуттуу иштердин натыйжасында профсоюзубуздун бирдиктүү ички байланыш тармагы түзүлдү. Борбордук Комитеттин электрондук расмий сайты иштейт, ал өтө баалуу маалымат аянтчасы катары күндөлүк турмушубуздан терең орун алды десем эч жаңылыштык болбойт. Ар күнү аткарган ишибиз дароо ага жайгаштырылат да, өлкөгө чагылгандан да тез таркап кетет. Сайтка ай сайын орточо 20000 окурман кирип турушат, күнүнө ага орточо 20-30 маалымат келип түшөт, анын ичинен 5өө ар кандай суроолор. Профсоюз мүчөлөрү өздөрүн түйшөлткөн жана кызыктырган суроолорун жөнөтүшөт, биздин адистер дароо жоопторун даярдап, кайра эле сайт аркылуу суроо ээсине жөнөтүп жиберишет. Канча убакыт, канча каражат, канча нерв, канча кагаз үнөмдөлүп калып жатат? Албетте, өтө көп. Жакында сайттагы кыргызча материалдар Google аркылуу кыргыз тилинен которуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндөн бери биздин маа-лыматтар башка тилдер аркылуу да таратыла баштады.
Дагы бир жагымдуу ишибиз тууралуу айта кетсем, биз Борбордук Комитетте рсеурстук борбор ачып алдык. Айтканга оңой болгону менен ал борборду ачууга бир катар уюштуруу жана чарбалык иштерди аткарууга туура келди. Атайын бөлмөнү бөлүп берип, ага тиешелүү оңдоо-түзөө, жасалгалоо иштерин жүргүздүк, андан кийин профсоюздук ишмердиктин ар кыл тармактары боюнча бир канча иш кагаздарын топтоого туура келди. Мына азыркы учурда ресурстук борбор абдан көп маалыматтарды камтыган жайга айланды десем эч жаңылышпайм, борбордун эшиги ар бир профсоюз мүчөбүз үчүн ар дайыма ачык, кайсы тармак же суроо менен кайрылбасын тиешелүү маалыматтарды ала алышат. Борборго топтоштурулган иш кагаздары кагаз жана электрондук түрлөрдө сакталат, борбор бай видеотекага да ээ. Ресурстук борбордун иш кагаздарынын каталогу профсоюздун бардык аймактык органдарына жиберилген. Борбордун мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги кең: анда профсоюздук иштердин жаңы усулдарына жана технологияларына окутуу иштерин алып барсак болот, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, кеңеш берүүлөр, семинарлар, мастер-класстар, тренингдер, тегерек үстөлдөр аркылуу усулдук жардамдар берилет, профсоюздук уюштуруу ишмердигине керектүү иш кагаздары менен камсыздоо жүргүзүлөт, маалымат материалдары таратылат, басма иштерине көмөк көрсөтүлөт, маалыматтардын банкы түзүлөт.

- Профсоюз десе эле көпчүлүк жолдомо менен курорт-санаторияларда эс алууну көз алдыга элестетишет эмеспи...

- Түшүндүм сурооңуздун төркүнүнө. Чынында эле көп элде ошондой ой бар экени анык, бирок мен жогоруда профсоюз кандай иштерди аткарып жатканынан кабардар кылдым деп ойлойм, аларды окуган ар бир адам профсоюзда эс алууга жолдомо берүүдөн башка да олуттуу иштер бар экенине ынанат деген ишеничтер бар. Биздин профсоюздун ишмердигиндеги башкы көңүлдөрдүн бири профсоюз мүчөлөрүн, алардын үй-бүлөлөрүн жана балдарын эс алдырууга, дарылоого жана ден соолуктарын чыңдоо¬го бурулган. Обкомдор, райкомдор, шааркомдор өздөрү түзүшкөн үч же эки тараптуу макулдашуулар жана жамааттык келишимдер аркылуу жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды тартышып, катардагы профсоюз мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштуруп жатышат. Мындан тышкары, тармактык профсоюзда жер-жерлерде маданий-массалык иш чараларды, спорттук мелдештерди, туристтик жүрүштөрдү уюштуруу аркылуу жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу жаатында бир катар иштер жасалып келүүдө.
Өткөн 5 жылда Борбордук Комитет аркылуу 5739 кызматкер профсоюздук жолдомолор менен камсыздалса, профсоюз мүчөлөрүнүн 10500 балдары андай жолдомолорго ээ болушкан. Ал эми облрайшааркомдор, ЖОЖ жана АООЖ профкомдору, иш берүүчүлөр бөлгөн каражаттар аркылуу эс алгандардын саны айтаарлык көп.
2020-жылы пандемияга байланыштуу карантинден улам профсоюз мүчөлөрүн жай айларында эс алдыруу уюштурулган жок, аны быйыл абдан жакшы уюштуруу жаатында азыртадан баштап иштеп жатабыз.

- Асылбек Токтогулович, маңыздуу маегиңиз үчүн чоң ракмат.

Маектешкен К.Чекиров