Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Билим күнү” белгиленди

15-сентябрь күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде билим күнү белгиленди. Салтанатка 2021-2022-окуу жылына карата сынактан ийгиликтүү өтүп, биринчи курска кабыл алынган студенттер, алардын ата-энелери, университеттин жетекчилиги жана окумуштуу-окуутуучулар курамы, студенттик кошуундун активисттери катышты.

Майрамдык жыйындын жүрүшүндө университеттин ректору Чаткалбай Райымбаев бир жарым жыл аралыгында дүйнө элин дүрбөлөңгө салган пандемиянын шартында билим берүү ишмердигин узгүлтүккө учуратпай, университет аралыктан окутууну ийгиликтүү жүргүзүп келгендигине токтолду.

2021-2022-окуу жылынын салттык окуу режиминде башталышын окуу жайдын жетекчилиги, окумуштуу-окутуучулар курамы мыкты даярдыкта күтүп алгандыгын белгиледи.

Окуу жайдын босогосун жаңы аттап жаткан студенттерге факультеттердин жетекчилигин тааныштырып, студенттердин окуу ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ага улай эле факультеттердин жетекчилери, жыйынга катышкан ата-энелер, студенттер университеттин билим берүү ишмердигиндеги  артыкчылыктарга токтолушту.

Мындан нары карай да өнүгүү жолунун уланышына ишенимдери чоң экендигин билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин басма сөз кызматы