Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Ардагерлерге камкордук

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде көп жылдардан бери эмгектенип, жаш муундарды тарбиялоого, билим берүүгө өз өмүрлөрүн арнаган ардактуу профессор-окутуучуларга жана кызматкерлерге Эл аралык карылар күнүнө карата урмат-сый көрсөтүлдү. Окуу жайдын ректору тех.и.д, профессор Кеңешбек Усенов, - “Урматтуу ардагер агай-эжейлер, сиздер окуу жайдын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө, келечек муундун татыктуу билим алуусуна өмүрүңүздөрдү арнадыңыздар. Бүгүн да аксакалдык акыл кебиңерди айтып, балдарга татыктуу тарбия, билим берип жатасыздар. Биз сиздер менен менен ар дайым сыймыктанабыз жана сиздердин кеп кеңешиңиздерге таянабыз. Баарыңыздарды  Эл аралык каарылар күнү жана мугалимдердин кесипттик майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, берекелүү өмүр, дөөлөттүү карылык тилеймин” - деди.

Ошондой эле ардагер агай-эжейлердин талыкпаган зор эмгектери эске алынып, майрамдык белек максатында ректордун 2021-жылдын 20-сентябрындагы №239 буйругуна ылайык баарына акчалай жардым берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова