Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү

Урматтуу студент достор, жигердүү жаштар! Азыркы учурда мамлекетибиздин экономикалык, социалдык, маданий тармактарынын өнүгүшүнө жаштарыбыздын кошкон салымы эбегейсиз. Жаштар - элдин ырыскысы, мамлекеттин тирөөчү, ишеничи! Биз заманбап билимге ээ, билимдүү, илимдүү, тарбиялуу, рухий чабыты кенен, креативдүү жаштарга таянып гана өнүгө алабыз. 

Бүгүнкү жаштар илим, маданият, искусство, спорт багыттарында жаратмандык менен ийгиликтерди багындырып,  эгемен өлкөбүздү дүйнөгө даңазалап жатышат. Республикадагы миңдеген жаштар сыяктуу ОшМУнун студенттери да зиректиги, көрөгөчтүгү, тарбиясы, мобилдүүлүгү менен коомдо өз ордун табууда. Биз студенттерибиз менен дайыма сыймыктанып келебиз, силердин бийик максаттарды багындырышыңарга ар дайыма ишеним, үмүт артабыз! 

17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнү менен жалпы окуу жайыбыздын студенттерин куттуктайбыз! ОшМУда билим алууга бардык шарттар түзүлгөн, андыктан силердин алдыңарда талыкпай билим алуу гана турат. Билимдүү болгула, илим менен алектенгиле, чыгармачылыгыңарды өнүктүргүлө, спорт менен машыгып ден соолугуңарды чыңдагыла, эң башкысы адамдык асыл сапаттарга ээ болгула. 

Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн жарык, жолуңар ачык болот! Майрамыңар кут болсун! Ошол менен биргеликте, Ош областык Билим  жана илим  кызматкерлеринин төрагасы А.С.Тойгонбаевге да студенттердин жалпы жамааты ыраазычылык билдирди. ОшМУда билим алып жаткан баардык студенттерге, майрамдык кече уюштурулуп, акчалай каражат бөлүнүп берилген. Салтанат шаңга бөлөнүп, ар кандай оюң-зооктор менен коштолуп, үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн жана мыкты окуган студенттерге “Мактоо баракчалар” берилди.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова