Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

10-декабрь - Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алынган күн

ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты «10-декабрь-Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнү, Кыргыз Республикасында Акыйкатчы институтунун иш-аракеттери» деген темада конференция өткөрдү.

Иш-чараны ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова ачты. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбет Касымов, аталган өкүлчүлүктүн эксперти Талантбек Тургунбаев, Өкмөттүн Кыйноолорду алдын алуу борборунун Ош шаары жана Ош областы боюнча эксперти Улукбек Абдулазизов, ОшМУнун юридика факультетинин окутуучусу Советбек Миңбаев катышты. Коноктор студенттерге Акыйкатчы институтунун орду жана иш-аракеттери, адамдын укуктары, милдеттери боюнча айтып, Адам укуктары боюнча декларация менен тааныштырган презентацияларын жасашты. Студенттер менен биргеликте теманын алкагында талкуу болду. Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн. Окуу жайдын студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу, студенттерди укуктук жактан агартуу иш-аракеттерин алып барат. Конференция 10-декабрь - Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө карата өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун КБКнын башкы адиси А.Айтыкулова