Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

1-октябрь - Эл аралык карылар күнү!

2021-жылдын 29-30-сентябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын, ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин “Жаштар кеңешинин”  жана "Социалдык иш" адистигинин студенттеринин демилгеси менен 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата  Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жалгыз бой жашаган карыларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп,  азык-түлүк түрүндө жардамдар берилди.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алардын муктаждыктарына дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурдуруу болуп эсептелет.

Иш-чаранын жыйынтыгында карыялардын коомчулуктагы ордун түшүндүрүү аркылуу, колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгү жана демографиялык өсүү тууралуу маалыматтар берилди. Карыяларыбыз уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова