Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылуулугу талапка жооп берген мектептерде иштин натыйжасын берет, окуучулардын окууга болгон кызыгуусу жакшыр

     Токтогул райондук билим берүү профсоюз комитети жана Райондук билим берүү бөлүмү биргеликте  мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерди жеринде кыдырып, кыш мезгилиндеги абалынан кабар алышты. Мектептердеги окуучуларга кандай деӊгээлде билим берилип жана  окуу бөлмөлөрүнүн  кышка карата жылууланышын, жылуулук системаларынын  иштөөлөрүн абалдарын көрүштү. Айыл жериндеги мектептерди аймактык айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен биргеликте кыдырышты. Шарттары жана абалы  жакшы мекемелерди Райондук билим берүү бөлүмүнүн чоӊ залында жалпы чогулушта кино проектор аркылуу экранда көрсөтүлдү. Чыгармачылык менен иш алпарган жана мектептин материялдык баазасын жакшыртткан директорлорду  жалпы чогулушта куттукташты.