Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими -2017-жыл»

    Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кабыл алынган "Ыйман,адеп  жана маданият "жылынын алкагында Кемин районунун билим берүү мекемелеринин  арасында  " Жылдын мыкты мугалими 2017-жыл" конкурсу   Кемин райондук билим кызматкерлер профсоюзунун ,Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен  өткөрүлдү. Конкурска  Калмак ашуу  негизги мектебинин кыргыз тил мугалими  Н.Умарбаева, Ак бекет орто мектебинин кыргыз тил мугалими 
М. Мусаева, Жол булак орто мектебинин башталгыч классынын мугалими В.Балбакова,  Алмалуу орто мектебинин кыргыз тил мугалими Н.Исакеева  катышты. Мугалимдер азыркы күндүн талабына  ылайык мектептерде  балдарга терен билим берүү  жана тарбия берүүдөгү өзгөчөлүктөрүн  көрсөтүп,көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты. Натыйжада Алмалуу орто  мектебинин кыргыз тил мугалими Н.Исакеева "Мыкты мугалим" титулун женип алып, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын "Жылдын мыкты мугалими" төш белгисин жна 5000 сом акча каражатын,Кемин райондук билим кызматкерлер профсоюзунун атынан 10000 сом акча каражаты бөлүнүп, конкурста 2-орунга ээ болгон В.Балбакова, 3-орунга ээ болгон Н.Умарбаева, 4-орунга ээ болгон М.Мусаевага бөлуштүрүлүп берилди. Кемин райондук билим берүү бөлүмү тарабынан конкурстун катышуучуларына баалуу белектер ыйгарылды.