Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты тарбиячысы - 2022»

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” кароо-сынагынын райондук туру 2022-жылдын 17-май күнү Кочкор-Ата шаарындагы балдар музыкалык мектебининде болуп өттү. Анда кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 бала бакчалардын тарбиячылары катышты.

Иш-чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г.Борбиева, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Н.Нуралиева бала бакчалардын директорлору, тарбиячыары катышты.

Сынак сабак өтүү, өзүн тааныштыруу, компьютердик жөндөм  жана тесттик суроолор шарттары боюнча өткөрүлдү.

Жыйынтыгында 1-орун №42 “Нур-Айым” балдар бакчасынын тарбиячысы Каримова Бурулкан Жумабековна, 2-орун №29 Иса агай балдар бакчасынын тарбиячысы Искендерова Айжаныл Анарбаевна, 3-орунга Акинбекова Бегайым Абдыманаповна татыктуу болушту.

Ал эми Абдурахманова Нурзада Асилбековна (№10 “Чынар” б.б. тарбиячысы) “Жаштыгы жана келечектүүлүгү”, Темирова Гулбайра Урайимовна (№25 “Бакыт” б.б. тарбиячысы) “Мыкты көргөзмө курал”, Эркинбековна Гулина Эркинбековна “Мыкты сабак” (№22 “Гулкайыр” б.б. тарбиячысы), Жумабаева Гулдана Курманбековна “Мыкты интеллектуал” (№45 “Наристем” б.б. тарбиячысы), Курманбекова Гулзина Арстанбековна “Мыкты портфолио” (№4 “Алтын-Бешик” б.б. тарбиячысы), Сатарова Айбарчын Камытбековна “Чыгармачыл тарбиячы” (№48 “Салия” б.б. тарбиячысы) номинацияларына алышты.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин диплом жана Ардак грамоталары, баалуу белектери менен сыйланышты.

Жылдагыдан айырмаланып кароо-сынактын 1-туруна катышкан 18 тарбиячы да Ноокен райондук  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан атайын белектер тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук кесиптик бирлиги