Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты тарбиячысы – 2022 кароо-сынагы

Панфилов райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте уюштурулган “Жылдын мыкты тарбиячысы-2022” кароо-сынагынын райондук туру 2022-жылдын 18-майынан 20-майына чейин Кайынды шаарында жайгашкан Куш-Канат балдар бакчасында өткөрүлдү.

Кароо-сынак таланттуу тарбиячыларды стималдаштыруу,мектепке чейинки билим берүүнүн билим берүү программаларын  ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын таланттуу тарбиячыларын аныктоо, аларды колдоо  жана дем берүү, кесиптик тажрыйбасынын мыкты үлгүлөрүн жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Сынак өзүн тааныштыруу, калыстар мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү, сабак өтүү шарттарын камтыды.

Жыйынтыгында 1-орунга “Алтын уя” балдар бакчасынын тарбиячысы Жумагулова Айгүл Аманбековна татыктуу болду. Жеңүүчүлөр райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Панфилов райондук КБКнын төрайымы А.Абдраимова