Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019”

Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы- 2019” кароо сынагынын регионалдык туру үстүбүздөгү жылдын 26-март күнү райондун 3 бала бакчасында өткөрүлдү. 

Сынак билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген  жобого ылайык өткөрүлүп, сынактын максаты мектепке чейинки билим берүү деңгээлинин потенциалын кеңейтүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен эмгектенген тарбиячыларды эмгекке шыктандыруу, кесипке болгон кызыгуусу үчүн аларга жеткиликтүү шарттарды түзүү, тарбиячылардын чыгармачылык деңгээлин көтөрүү, коомчулуктун арасында тарбиячылардын кадыр баркын, мындан аркы кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Ал эми,  шарттары зачеттук тур, сабак өтүү, тарбиячынын педагогикалык концепциясы, педагогика, психология боюнча тест, жомоктогу каармандардын образдарын ачып берүү, чыгармачылык өнөөрү ар кандай кырдаалдан чыга билүүсү, көрсөтмө даярдоо бөлүктөрүнөн туруп, ар тараптуу критерийлер менен бааланды.

Ар бир катышуучу өзүнүн мыкты жактарын көрсөтүп, сабак өтүүдө балдарды гана эмес  көрүүчүлөрдү да кызыктырып, өзүлөрүнүн кесиптик деңгээлин көрсөтө алышты.

Жыйынтыгында 3 тарбиячы  “Шумкар” балдар бакчасынын тарбиячысы Марипова Тотугүл, “Тынчтык” балдар бакчасынын тарбиячысы Казакбаева Гүлбарчын, “Акжолтой” балдар бакчасынын тарбиячысы Максытова Абида жеңүүчү деп аталышып райондук турга жолдомо алышты.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева