Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты социалдык педагогу - 2018» аныкталды.

Мектептерде билим берүүнүн, тарбиялоонун потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, эң мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген соц. педагогдорду табуу аларга колдоо көрсөтүү жана коомдогу беделин көтөрүү. Окуучуларды рухий адеп-ахлакта тарбиялоо, жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, суициддин, рекетчиликтин, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Ноокен районунун мектептеринин соц. педагогдору арасында кароо-сынак жарыяланып, 2 этапта өттү.

Кароо-санакта негизинен соц.педагогдордун бир жылдык аткарган иштеринин абалы каралды.

Жыйынтыгында жеңүүчү аталган катышуучулар Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом, Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

I орун № 6 “Арал” атындагы орто мектебинин соц.педагогу Зияшова Кансалат.

II орун № 21 Фуркат атындагы орто мектебинин соц.педагогу С. Мырзаева.

III орун № 31 Ж. Татыкулов атындагы орто мектебинин соц.педагогу С. Тажибаева.

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров