Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты окуучусу»

«Жылдын мыкты окуучусу»

Тогуз-Торо районунда 2019-2020- окуу жылында 11-классты 215 бүтүрүүчү бүтүрдү. 20-июнь күнү бүтүрүүчүлөргө орто билими жөнүндө аттестаттар тапшырылды. Ошондой эле 2019-2020 - окуу жылында окууда эң жакшы жетишкендиктери жана райондо, областта предметтик олимпиада кыргыз тили жана адабияты предметинен I орунду ээлеген №5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Абитова Айнурга “Жылдын мыкты окуучусу” номинациясы ыйгарылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана райкомдун төрагасы З.Ажыбаев жалпы бүтүрүүчүлөрдү кутуктап, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалашты.

Тогуз-Торо райком профсоюзу.