Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалимим-2019» кароо-сынагы Кара-Суу районунда жыйынтыкталды

Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эӊ мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 11-февралынданы №13-2 буйругунун негизинде 2019-жылдын  5-6-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими -2019» кароо-сынагынын райондук этабы  болуп өттү. Кароо-сынакка аймактардан жеӊүүчү болгон 18 алдыӊы чыгармачыл мугалимдер  райондук этапка катышышты. 5-апрель күнү канкурсанттар сабактарын өтүштү, сабактарынан жогорку балл алган    11 канкурсант 6-апрель күнү  экинчи турда катышышып кароо-сынакты улантышты. Жыйынтыгында 1 орунга  №118 Д.Султанов атындагы негизги мектебинин кыргыз тили  мугалими Машрапова Айнура  , 2-орунду №33  Ш Интернационал   орто мектебинин  англис тили  мугалими  Нурланбек уулу Кубаныч, 3-орунду  №30 Кызыл-Сарай орто мектебинин башталгыч класс мугалими  Досуева Нартажи ээлешти.

Кароо-сынакта 1-орунду ээлеген №118 Д.Султанов  атындагы негизги мектебинин кыргыз тили  мугалими Машрапова  Айнура    Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулган “Матраимов Исмайыл ата” фондунун эсебинен 30 000 миң сом акчалай сертификаты  Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Жороева Мехринса Өсөровна тапшырды. 

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Машрапова Гүлай Эгемназаровна кароо-сынактын катышуучуларын куттуктап 1 орунду ээлеген Машрапова областтык этапка ийгиликтерди каалоо менен баалуу белектер жана  Ардак грамота менен сыйлады.

Ал эми 2-орунга   Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин райондук  кесиптик бирлигинин комитети тарабынан   муздаткычы, 3-орунга   кир жуучу машина,

3-орунга электр плитасы жана  14 активдүү катышкан канкурсанттарга  баалуу белектерди   Кара-Суу райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  комитетинин төрагасы Жакыпов Памирбек  тапшырды.

 

Материалды даярдаган:

Жакыпов Памирбек