Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыкты мугалими. Жылдын мыкты тарбиячысы

Аксы районунда мугалимдер арасында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими - 2021» кароо сынагынын зоналык туру Т.Уметалиев атындагы №35 жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Абдыкеримова Нурия, «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2021» башталгыч орус классынын мугалими Абдыжалилова Гүзель катышышты. Бул эжелерибиз жаңы инновациялык методдорду колдонуп, кызыктуу сабак өтүп келишет. Абдыкеримова Нурия экинчи орунду ээледи. Ал эми Абдыжалилова Гүзель биринчи орунду камсыздоо менен, райондук туруна жолдомо алды. Бул мугалимибизге мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалап, райондук турдан да байгелүү орунга ээ болушуна тилектешпиз.

 

Материалды даярдаган: кесип бирлигинин төрайымы Н.Сейдилова