Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ КАРОО-СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ТУРУНДА 1 ОРУНДУ ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН М.БАБКИН АТЫНДАГЫ №1 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ РОЗА АБДЫЛДАЕВА ЭЭЛЕДИ

Роза Абдылдаева Жалал-Абад шаарындагы М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты сабагынан окуучуларга билим берип келет. Ал «2019-жылдын мыкты  мугалими» кароо сынагынын шаардык туруна катышып, өзүнүн педагогикалык чеберчилигин жана  мыкты мугалим экендигин көрсөтүп Гран Приге ээ болгон.

Өзүнүн алган билимин туура пайдаланууга кесиптештери, мектеп диретору жана профсоюз уюму жакындан жардам көрсөтүшүп облустук турунда Жалал-Абад облусунун “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылып I даражадагы диплом  жана сертификат менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин

төрагасы Максат Мамасыдыков