Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Жылдын мыкты мугалими" аныкталды

2023-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген “Жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагынын экинчи туру Кадамжай районунда болуп өттү.

Аталган кароо-сынак Кадамжай райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Ж.Орозбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов  тарабынан уюштурулду.

Сынактын жүрүшүндө I орунду «Өрүк-Зар» мектебинин тарых  мугалими Туйгунбек кызы Нурзада ээлеп, I даражадагы “Эң мыктынын мыктысы” диплому менен сыйланды.

II орунду ээлеген А.Масалиев атындагы орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты  мугалими Касымова Насыйкат  II даражадагы ”Педагогикалык дебют” дипломуна татыктуу болду.

III орунга У.Исаков атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Саттарова Чолпонай «Жылдын мыкты мугалими-2023” дипломуна ээ болду.

Ал эми сынактын активдүү катышуучулары  баалуу белектер жана ардак грамоталарга ээ болушуп, Кадамжай ройондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Ысык-Көл санаториясына 5 күндүк жолдомолор тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кадамжай райондук комитетинин адиси У.Халилова