Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

Баткен районунда “жылдын мугалими  - 2019” кароо-сынагынын райондук этабы  2019-жылдын 16-17-апрель күндөрү Бужун орто мектебинин базасында өткөрүлдү.  Райондук кароо-сынакка райондун 9 айыл аймагынан жеңип чыккан 9 мыкты мугалим катышты.

Жобого ылайык конкурсанттар чыгармачыл сабактарды өткөрүшүп, тесттик жана чукул суроолорго жооп беришти, хоббиси менен тааныштырышты, мастер-класс өткөрүштү жана өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Жыйынтыгында  С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинен Исоев Музаффар I орунду, Б.Нарматов атындагы орто мектептен Саттаркулова Тазагүл  II орунду, Газ орто мектебинен Атабаев Алмаз III орунду ээлешип, дипломдор, раймамадминистрациянын жана райондук кесиптик бирлик комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Мындан сырткары   С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинен Исоев Музаффар “Мыкты сабактын автору”, Б.Нуралиев атындагы орто мектептен М.Закирова “Мугалим эрудит”, Б.Акматов атындагы орто мектептен  М.Маманазарова “Келечектен көптү үмүттөндүргөн мугалим” номинациялары боюнча мыкты деп табылып райондук комитеттин Ардак грамотасына жана баалуу сыйлыктарына  ээ болушту. Калган мыкты катышуучуларга райБББнын Ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктары тапшырылды. Кароо-сынактын бардык катышуучулары жана уюштуруучулары жайкы каникуль мезгилинде  Ысык-Көлдө экскурсияда болушуп, ден соолуктарын чыңдашат. Ага каражат райондук кесиптик бирлик уюмунан, жол кирелери айыл өкмөттөрүнүн эсебинен каржыланат.

Сынактын  жеңүүчүсү  Исоев Музаффар чыгармачылык менен эмгектенгендиги, билиминин тереңдиги жана кесипкөйлүгү калыстар тарабынан туура бааланып, облустук “Жылдын мугалими-2019” кароо-сынагына жолдомо алды.

Кароо-сынактын жүрүшүнө Баткен раймамадминистрациясынын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырова, райБББнын башчысынын милдетин аткаруучу О.Мажилимов райондук кесиптик бирликтин төрагасы А.Зайитов  катышышып, жеңүүчүлөрдү куттуктоо менен сыйлыктарды тапшырышты жана жаңы ийгиликтерди каалашты.

 

РПКнын  жетектөөчү адиси                                                                  

Б.Абдыразакова