«Жылдын мыкты мугалими - 2023»
2023-жылдын 22-24-майында «Жылдын мыкты мугалими - 2023» кароо-сынагынын областтык туру өтүп, ага райондук жана шаардык мектептерден 12 жеңүүчү катышты. Кароо-сынактын жүрүшүндө төмөнкү катышуучулар жеңүүчү деп табылды:
I орун - З.Кулубаева, Тогуз-Торо районунун №1 Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими;
II орун - Каныбек кызы Жылдыз, Базар-Корон районундагы №14 Биринчи май мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;
III орун - А.Ороскулова, Таш-Көмүр шаарындагы Т.Шадыканов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын математика мугалими;
III орун - З.Мырзакаримова, Ала-Бука районундагы №1 Т.Балтагулов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.
Ал эми төмөнкү катышуучулар кароо-сынактын номинацияларына татыктуу болушту:
1. Маданбекова Сайкал, Ноокен районунун №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
2. Х.Аскаров, Чаткал районундагы Сумсар жалпы билим берүүчү мектебинин география мугалими;
3. Н.Мамаева, Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын химия мугалими;
4. А.Асилбекова, Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин башталгыч класстын мугалими;
5. Н.Жусупбекова, Көк-Жаңак шаарындагы №4 Ю.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин математика мугалими;
6. А.Мурзаева, Сузак районундагы №34 Ырыс атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин математика мугалими;
7. А.Анарбаева, Майлуу-Суу шарындагы №5 жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
8. Н.Тотоева, Аксы районундагы №6 Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин физика мугалими.
Кароо-сынактын соңунда Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Исмаилов, Жалал-Абад областтык Билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов жеңүүчүлөрдү куттукташып, кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектер тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров