Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими-2021» облустук кароо-сынагы өттү

Ош облусунунда “Жылдын мыкты мугалими – 2021” кароо-сынагы жыйынтыкталды.  Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы өттү, ага ОПКнын төрагасы А.С.Тойгонбаев сөз сүйлөп жакшы каалоо тилегин айтып, ар бир мугалимге ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле, катышкан мугалимдерге дипломдор, акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды. Облустун райшаарларынын мектептеринен   тандалып келген катышуучулардын арасынан Кара-Суу районундагы Чолпон атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Мирзаева Феруза гран-принин ээси болду.

 

I орунга Ноокат районунун англис тили мугалими Аскарова Зарина

II орунга Араван районунун математика мугалими Жалалов Манас

III орунга Алай районунун тарых мугалими Жумабай кызы Жыпаргул татыктуу болуштуу.

Ал эми, калган конкурстун катышучуларына түрдүү номинациялар ыйгарылып, бардык мугалимдер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ош ОПК