Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты мугалими - 2019” Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдеринин арасында 2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты мугалими - 2019” кароо-сынагынын  райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаарынын Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин  катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген  жобого ылайык өткөрүлүп, өзүнө мугалимдердин өзүн-өзү тааныштыруусун, ачык сабак өтүүсүн, тесттик суроолорду ошондой эле партфолиосун, ыңгайсыз жагдайдан чыга билүүсүн   камтыды.

Буга чейин райондук турга жолдомо алган 3 мугалим,  “Кара-Булак” орто мектебинин тарых сабагынан мугалими Маанова Самара, “Эгемендүүлүк” орто мектебинин математика сабагынан мугалими Ерматова Акмөөр, “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинин сүрөт сабагынан мугалими Шамшиев Талант ат салышып, жыйынтыгында  Кара-Булак” орто мектебинин тарых сабагынан мугалими Маанова Самара жеңүүчү болуп аталып, райондук  профсоюз комитети тарабынан баардык катышуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле, жеңүүчүгө жана катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациянын “Ардак грамотасы”, “Ыраазычылык каты”, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамоталары” тапшырылды.

 

Материалды даярдаган: Марина Сагалиева