Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими -2018» райондук конкурсунун жеӊүүчүсү аныкталды

Мугалимдик ардактуу кесиптин беделин кɵтɵрүү, алдынкы тажыйырбаны педагогикалык  жамаатарга таратуу аркылуу окуучулардын билим сапатын кɵтɵрүү максатында 2018-жылдын 20-21-апрель күндɵрү  Токтогул районунда «2018-жылдын мыкты мугалими» конкурсунун райондук этабы атайын жобого ылайык ɵткɵрүлдү. «Жыл мугалими-2018» конкурсунун райондук этабына жалпы райондогу айыл окуругдарынан жеӊүүчү болгон 6 мугалим катышып, алардын ичинен ɵзүнүн интелектуалдык деӊгээли, чыгармачылык сабагында педагогикалык илимдин жетишкендиги, чыгармачылык отчету, педагогикалык кызматташтыгы, жалпы ой орушу менен Тешебаев атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Малдыбаева Толкун Бегалыевна айырмаланып «Баш байгеге» ээ болду. Ал эми калган конкурстун катышуучулары тɵмɵндɵгүдɵй байгелүү орундарга ээ болушту. Ошону менен бирге Токтогул райондук билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова жана Токтогул райондук билим берүү жана  илим кызматкеринин тɵрагасы Т.Исраилов жана башкалар катышып, профсоюз комитети тарабынын

«Баш байгеге» Ысык-Ата курортуна жолдомо берилди.

1- орунга беш миӊ сом  акчалай сыйлыктар тапшырылды.

2 –орундарга үч миӊ сом

3-орундарга эки миӊ сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды

     Алар:-Жаманкулов а.о.м, Башталгыч классынын мугалими, Бакытбек кызы Айнуска 1-орун, Токторалиев а.о.м Информатика мугалими, Абдукаимова Сажира Жээнбековна 3-орун Жундубаев а.о.м башталгыч классынын мугалими, Итемирова Майрам Алановна 3-орун Жунусалиев а.о.м Математика мугалими, Орозов Мүрɵк Касымалиевич 2-орун Ормонбеков а.о.м Математика мугалими, Бекмурзаева Бермет Бекмурзаевна 2-орун.