Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын мыкты кабинети - 2018” кароо-сынагынында жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты кабинети - 2018” кароо-сынагынын райондук туру 2018-жылдын 11-15-май күндөрү 28 критерий боюнча 9 айыл өкмөтүнөн бирден мектептин эң мыкты кабинеттер каралып, жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйынтыгында I орун № 6 “Арал” атындагы орто мектеби, II орун № 8 Т. Орозматов атындагы орто мектеби, II орун  Н. Исанов атындагы орто мектеби, III орун №12 Ж. Султанов атындагы орто мектеби,  III орун № 44 Акчабаев атындагы орто мектептери ээ болушту.

 Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер  Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом , Ардак грамоталары менен жана баалуу белектери менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын  тескөөчүсү Т. Бакиров