Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылды жыйынтыктаган Пленум

2021-жылдын 27-январында Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин кезектеги жыл жыйынтыгын чыгарган Пленуму болуп өттү. Пленумга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев жана Пленум мүчөлөрү катышты. Пленумдун күн тартибиндеги маселе боюнча райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И. Мырзамдинов билдирүү жасады. Төрага И. Мырзамидинов 2020-жылдагы аткарылган жана өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча слайд аркылуу доклад жасады. 2020-жылы өнөктөштөр менен биргеликте кызматкерлерге көрсөтүлгөн социалдык жеңилдиктер, кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү, кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо, эс алдыруулар, кароо-сынактардын жыйынтыгы, Пандемия учурунда билим берүү кызматкерлерине көрсөтүлгөн материалдык жардамдар жөнүндө айтты.
Ошондой эле балдарды колдоо жылына карата райондун билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин арасынан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар кызматкерлердин тизмеси такталып, аларга райондук профсоюз комитети тарабынан материалдык жардамдар көрсөтүлгөндүгүнө токтолду.

Пленумдун жүрүшүндө жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн Пленум мүчөлөрү райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Пандемия учурунда турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө таркатылган «Азык-түлүк баштыкчалары» жөнүндө жана 2020-жыл ичинде өткөрүлгөн ар кандай кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө берилген сыйлыктарга токтолуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгын баса белгилешти. Ошондой эле Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Пандемия учурунда Covid, Пневмония оорусу менен ооруп дарыланып чыккан кызматкерлерге көрсөтүлгөн материалдык жардамдарга токтолушту жана көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети