Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2016-жылга жаңы милдеттер белгиленди.

29-январь күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун пландуу түрдөгү президиуму өткөрүлдү.

     Ага президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары бардык райшааркомдордун, обкомго түз баш ийген баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери чакырылды.

     Обкомдун иш планын бекитүүдө анын ар бир бөлүмүнө кеңири маалымат-анализ берилди.

      Обкомдун төрагасы К.Мурзакматов өткөн жылдагы аткарылган иштердин сапатына, деңгээлине кеңири токтолуп, айкын мисалдар менен баяндама жасады. Обком, райшааркомдор тарабынан жүзөгө ашырылган иштер менен турмушка ашпай калган айрым маанилүү маселелер боюнча уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов кеңири билдирүү жасады.

      Билдирүү боюнча Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы Г.Эргешова,           Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.Тургунбаева, Ноокен райкомунун кызматкери А.Айдаров, Сузак райкомунун төрагасы А.Исмаилов, Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраиловдор өздөрүнүн омоктуу ойлорун билдиришти.

       Ошону менен бирге «Профсоюз мүчөлөрүн социалдык жактан колдоону уюштуруу боюнча профсоюздук мыкты комитет» кароо-конкурсунун облустук турун өткөрүү боюнча ой-пикирлер ортого салынды.

        2016-жылда мыкты иштеген райшаардык комитеттердин кароо-конкурсун өткөрүү боюнча төрагалардын сунушу колдоо тапты.

         Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Финансылык саясат жөнүндөгү инструкциясын» ар тараптуу окуп-үйрөнүү менен практикалык иште кыйшаюсуз аткаруу маселесине көңүл бурулду.

         Обкомдун президиумунун отурумунда мындан тышкары бир катар маселелер боюнча кеңири сөз болду. Талкууланган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды.

         Президиумду обкомдун төрагасы К.Мурзакматов алып барып, жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү