Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2017»

     Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында “Жыл мугалими-2017” кароо сынагы болуп өтүп, конкурска зоналык турда алдыӊкы орунду ээлеген райондун мыкты 11 чыгаан мугалимдери катышты. Сынакка катышкан мугалимдер өздөрүнүн интелектуалдыгын, потенциалдык бийиктигин, таланттуулугун, ар тараптуу чыгармачылыгы менен айырмаланган, өз өнөрлөрүн тартуулашты.   Мындан сырткары катышуучулар     окуучуларга заманбап сабактарды өтүшүп,  өздөрүнүн агартуучулук тармагындагы билимдерин жана тажрыйбаларын, маданий кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүү менен калыстардын сынына коюшту.                  

       Эки күнгө созулган кароо сынактын жыйынтыгында, калыстардын чечими менен:  1-орунга “Охна” гимназия мектебинин мугалими Эсенбаева Гулалдам татыктуу болду. Маканов атындагы орто мектебинин мугалими Мендибаева Айжамал  2-орунду,  Молдо Нияз атындагы орто мектебинин мугалими Саттарова Арзыкан 3-орунду колго киргизди.  Калган  8 катышуучу ар кандай наамдардын ээси болушту. Райондук баскычта жеӊип чыккан Эсенбаева Гулалдам облустук турга жолдонмо  алды.  Раймамадминстрациясынын акими А.Мадумаров  сынакка келип катышуучуларга  белектерин тапшырды. Алдыӊкы орунду ээлегендер Кадамжай  райондук билим берүү бөлүмү жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети тарабынан ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.