Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы жана жыл мыктылары

2021-жылдын 26-январында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана мыкты баштапкы профсоюз комитеттеринин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү.

Президиумдун күн тартибинде;

  1. 2020-жылда аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков маалымат берди.
  2. 2021-жылда аткарылуучу иштердин планын төрага З.Бөтөков президиум мүчөлөрүнө талкууга коюп жыйынтыгында толуктоолор менен 2021-жылга иш-план кабыл алынды.
  3. 2020-жылда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары жөнүндө маселелер каралды.

Президиумдун жыйынтыгында Кыргыз республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында жарыяланган онлайн фестивалдын жана Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата «Бир баатырдын окуясы» аталышындагы акциянын катышуучулары:

-Билим берүү кызматкерлеринин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев,

-Билим берүү кызматкерлеринин Баткен  райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов,

-Билим берүү кызматкерлеринин Баткен  шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова

-Билим берүү кызматкерлеринин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяровдор Борбордук комитеттин диплому жана  белектери менен сыйланышты.

            Ошондой эле атайын критерийлерге ылайык райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин сунуштарынын негизинде 23 “мыкты баштапкы профсоюз уюмдары” областтык комитеттин диплому жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

            Президиумда 2020-жылдагы оор кырдаал, пандемия учурунда билим берүү тармагындагы профсоюз мүчөлөрүнө материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн райондук, шаардык профсоюз комитеттерине областтык комитеттин ыраазычылык каты жана сыйлыктары тапшырылды.

Баткен ОПК  К.Акимов