Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл жыйынтыгы чыгарылды жана жылдын мыктылары сыйланды

Жыл жыйынтыгы чыгарылды  жана жылдын мыктылары

сыйланды

 

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2020-жылдын 22-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү.

Президиумдун башталышынын алдынан областтык жана республикалык кароо-сынакта женүүчү болгон профсоюз комитеттеринин материалдары көргөзмөгө коюлуп катышуучулар кенири таанышышты.

Президиумдун күн тартибинде;

  1. 2019-жылда аткарган иштердин жыйынтыгы боюнча областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков маалымат берди.
  2. 2020-жылда аткарылуучу иштердин планын төрага З.Бөтөков президиум мүчөлөрүнө талкууга коюп жыйынтыгында 2020-жылга иш-план кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргыз республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин 2019-жылдын 25-январындагы президиумунун №22/1 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Баткен областынын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин  арасында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында  2019-жыл тармактын райондук, шаардык жана ЖОЖ,АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык   кароо-сынагынын  республикалык жана областтык турларынын жыйынтыктары чыгарылып, женүүчүлөрү Борбордук комитеттин жана областтык комитеттин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланышты.

Жарыяланган кароо-сынактын “Жылдын мыкты райондук, шаардык профсоюз комитети” номинациясы боюнча билим жана илм кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети (төрагасы А.Момошов).

-“Мен эмне үчүн профсоюзду сүйөм” номинациясы боюнча

1-орун Кызыл Кыя шаарынын №3 башталгыч мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Нурдинова. Д)

2-орун Кызыл Кыя шаарынын №13 И.Абдрахманов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Токурова.Н)

3-орун Баткен районунун Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Тулабаева Т) жана Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мекетебинин баштапкы профсоюз уюму (төрайымы Исакова А) ээлешти.

            Борбордук комитеттин “Өзгөчө маалымат иштери” кароо-сынагынын женүүчүлөрү:

Баткен областтык профсоюз  комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси К.Акимов жана Лейлек райондук профсоюз комитетинин адиси М.Сагалиевалар Борбордук комитеттин диплому жана төраганын эстелик кол сааты менен сыйланышты.

Президиумдун жыйынтыгында мыкты иш алып барган төрагалардын иштери бааланып профсоюз комитеттеринин төрагаларына жана эсепчилерине баалуу белектер тапшырылды.

Президиумдун жүрүшү Баткен телевидениесинен жанылыктар бөлүмүнөн көрсөтүлдү.

 

Уюштуруу, укук иштери

боюнча адис                                                           К.Акимов